Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Ирак: үч жердеги жардыруу 20 кишинин өмүрүн кыйды


Багдаддагы жардыруунун бири ушул жерде болду. 30-май, 2016-жыл
Багдаддагы жардыруунун бири ушул жерде болду. 30-май, 2016-жыл

30-майда Ирактын борбору Багдаддын үч жеринде жардыруу болуп, кеминде 20 киши мерт кетти. 50 адам жаракат алды.

Полициянын маалыматында, алгач базардын жанында, анан шаардын башка бөлүгүндө мина толтурулган автоунаа жардырылган. Ал эми мотоциклге бекитилген үчүнчү мина шииттер жашаган Мадинат-эс-Сар районунда жарылган.

Азырынча бул кылмышты эч бир террордук топ мойнуна ала элек.

Бирок теракт Ирак армиясы Багдаддан 70 чакырым ыраактагы Фаллужа шаарындагы антитеррордук операциясына тушташ жасалды. “Ислам мамлекети” террористтик тобу Фаллужаны 2014-жылдан бери ээлеп турат. Анда 50 миңден ашуун карапайым адам жашайт жана террорчулар аларды тирүүлөй калкан катары колдонууда.

Ирактын Фаллужаны бошотуу операциясы 22-майда башталган. Мурдараак аскер офицерлеринин бири шаардын 80% бийликтин колуна өткөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG