Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Орусия коргонуу комплексине 1,67 трлн рубль сарптоого ниеттенүүдө


Орусия 1,67 триллион рублды 2016-2020-жылдары коргонуу-өндүрүш комплексин өнүктүрүү программасына сарптоого ниет кылууда.

Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Дмитрий Рогозин өкмөт башчы өткөргөн жыйында билдиргенин кабарлайт ТАСС.

Ошол эле учурда орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Орусия курал экспорттоо боюнча дүйнөдө экинчи орунда турарын айтып, бул позицияны бекем кармоо зарылдыгын белгиледи.

Программада орусиялык коргонуу багыттарын күчтөп-өнүктүрүү менен катар мурда Евробиримдик, НАТО жана Украинадан импорттолгон аскердик продукцияларды Орусиядан өндүрүү максаты да бар.

XS
SM
MD
LG