Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Президент Рахмондун кызы сенаторго айланды


Тажикстан президенти Рахмон кызы Озодага "Даңк" орденин тагып жатат, 2015-жыл.
Тажикстан президенти Рахмон кызы Озодага "Даңк" орденин тагып жатат, 2015-жыл.

Тажик президенти Эмомали Рахмондун кызы Озода Рахмон 29-майда тажик парламентинин Жогорку палатасына сенатор болуп шайланды.

Тажик коомчулугунда Озода Рахмондун саясий сапары сенатка баруу менен чектелбей турганын, президенттин кызы эми Жогорку палатаны жетектөө үчүн баратканы айтыла баштады.

Душанбеден келген расмий маалыматтарга караганда, президенттик аппараттын башчысы Озода Рахмон баш калаанын жана андагы райондордун элдик депутаттары тарабынан эми парламенттин Жогорку палатасына сенатор болуп барды.

Душанбе шаарынын депутаттары тажик президентинин кызы Озода Рахмонду 14-апрелде №4 борбордук шайлоо округунан парламенттин Жогорку палатасынын сенаторлугуна сунушташкан эле. Анда Озода Рахмондун талапкерлигин борбор калаанын депутаттары жапырт колдоого алышкан.

Тажик мыйзамы боюнча маал-маал гана жыйынга чогулуучу парламенттин Жогорку палатасынын сенаторлору ээлеген кызматтарын да сактап турушат. Демек Озода Рахмон президент атасынын аппаратын жетектөө менен бирге парламент сахнасында да өзүн көрсөтөт.

Тажик талдоочулары президенттин кызынын парламентке келишин уулу Рустам Рахмондун бийлик башына бара турган жолун тазалоо аракети катары баалашууда. Орусиядагы тажиктер бирлигинин төрагасы Абдулло Давлатов “Азаттыкка” курган маегинде эми президенттин кызы сенатты башкарат деп ой жоруду.

- Президент Эмомали Рахмон уулун мураскер кылып даярдап жатат. Мураскердин жолун тазалоо үчүн даярдык катары референдум өткөрүлдү. Ал азыр президенттикке келе турган уулунун саясий коопсуздугун камсыздоо үчүн Рахмондон кийинки эле таасирдүү, күчтүү саясатчы катары калыптанган Жогорку палатанын азыркы төрагасы, Душанбе шаарынын мэри Махмадсаид Убайдуллоевди сенатты жетектөөдөн четтетүүнү көздөп турушат. Анын ордуна өз кызы Озоданы алып барып, бийликке келген уулун ар тараптан коргоо аракети жүрүп жатат.

Негизи Душанбедеги №4 шайлоо округундагы депутаттар буга чейин да президенттик аппараттын үч жетекчисин парламенттин Жогорку палатасына сенатор кылып шайлашкан. Бийликтин жогорку сересине "секиргендер" ушул округдагы депутаттардын "жеңил колунан" өтөт.

Маселен мурда президенттик аппаратты жетектеген Амиршо Миралиев менен Матлубхон Давлатзода дал ушул №4 шайлоо округу аркылуу парламентке барышкан.

Президенттик аппараттын Озода Рахмонго чейинки жетекчиси Бахтиёр Худоёрзода ордун бошотуп берип, өзү өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп калды.

38 жаштагы Озода Рахмон беш баланын энеси. Юридика илимдеринин кандидаты. 2005-2007-жылдары Тажикстандын АКШдагы элчилигинде иштеген, 2008-жылы Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинде консулдук бөлүмдү башкарган. 2009-2014-жылга чейин тышкы иштер министринин орун басары, 2015-жылы министрдин биринчи орун басарлык кызматын ээлеген. Ушул жылдын башынан тартып тажик президентинин аппаратын жетектейт.

Тажик парламентинин Жогорку палатасы 33 сенатордон куралган. Анын 25ин өлкөдөгү район, шаарлардын жергиликтүү депутаттары жашыруун добуш берүү аркылуу шайлашат. Калган сегиз мандатты президент өзү бөлүштүрөт.

Мамлекет жетекчинин ыктыярындагы сегиз мандаттын бири туңгуч президент Кахор Махкамовго өмүр бою берилсе, дагы бир мандат Жогорку палатага төрагалык укугу менен бирге Душанбе шаарынын мэри Махмадсаид Убайдуллоевге түбөлүккө ыйгарылган.

Эл аралык коомчулуктун көз карашында мамлекеттик кызматтын тепкичинде тездик менен көтөрүлүп бараткан Озода Рахмон тажик президентинин мураскери катары да айтылып жүрөт. Аны менен кошо президенттин уулу 25 жашында генерал наамын алып, азыр өлкөдөгү Коррупцияга каршы күрөш кызматын башкарып жаткан Рустам Рахмонду да мураскер деп каралууда.

64 жаштагы тажик президенти Эмомали Рахмондун жети кызы, эки уулу бар.

XS
SM
MD
LG