Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Мамкаттоо: Батыровдун үйү мыйзамдуу такталган


Батыровдун мүлкү.
Батыровдун мүлкү.

Кадыржан Батыровдун турак жайын тактоодо документ иштеринде мүчүлүштүк болгон эмес. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүм башчысы Салмоорбек Турдукулов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Батыров жашаган үйдүн ээси Батиров деп катталып, тамгалардан айырма болуп калганы үчүн конфискацияланган мүлктөрдүн катарына кирбей калган.

Бул боюнча тиешелүү деп аныктама берилгенин, ал үйдүн Кадыржан Батыровдун баласына мурас калтырганы тууралуу документ базада жоктугун Турдукулов кошумчалады.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы өткөн жумада Сузак райондук мамкаттоо бөлүмүнө жана сот аткаруучулар департаментине кылмыш ишин козгогон. Буга май айында Батыровдун турак жайы Санжар Бакиевдин менчигине өткөрүлгөнүн жүйө келтирген. 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин Кадыржан Батыровдун 28 объектиси мамлекеттин карамагына өткөн. Ал эми анын үйү бул тизмеге кирбей калган. (RsK)

XS
SM
MD
LG