Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Жалал-Абад: өзбек улуттук коому кайрадан уюшулду


Оштогу өзбек жазуучуларынын окурмандар менен жолугушуусу.
Оштогу өзбек жазуучуларынын окурмандар менен жолугушуусу.

Жалал-Абад шаарында 30-майда облустук өзбек коомунун ачылышы болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси жана облустун ар кыл аймактарынан келген 50дөн ашык өкүлдөр катышты. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов аталган коом улуттар арасындагы достукту бекемдөө менен бирге өсүп келе жаткан өзбек улутунун жаштарына өлкөнүн руханий баалуулуктарын үйрөтүп, тарбиялоого салым кошорун белгиледи. Мындан сырткары маданий иштерди жүргүзүүгө коомду чакырды.

Облус аймагында славян, татар, уйгур, тажик жана немис элдеринин диаспоралары жана коомдору иш алып барат. Өзбек улуттук коому Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын сунушу менен уюшулду. Буга чейин иштеп келген "Навои" атындагы өзбек улуттук маданий борбору жана "Давр" коомдору 2010-жылдан кийин токтоп калган. (RsK)

XS
SM
MD
LG