Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:04

Маммүлк фондунун статс-катчысы кызматтан кетет


Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Нурбек Калматов иштен кетери айтылууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” өздүк булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, Калматовду кызматтан алуу боюнча чечим кабыл алынды, жакынкы аралыкта буйрук жарыяланмакчы.

Нурбек Калматов бул кызматты 2012-жылдын октябрынан бери аркалап келген.

Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Тойгонбай Калматовдун уулу. Тойгонбай Калматов жакында бир катар мүчөлөрү бийликти күч менен басап алууга аракет кылган деп камалган “Элдик парламент” кыймылына катышып жүргөн.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG