“Бишкек парк” соода борборунун негиздөөчү Айдын Мыстачоглуна “алдамчылык” фактысы боюнча айып тагылды. Мындай маалыматты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Мыстачоглу жетектеген ишкана башка түрк ишкеринин каражатын алдамчылык менен пайдаланганы боюнча кылмыш иш козголгон. Мунун негизинде учурда тергөө жүрүп жатат.
Түркиянын жараны Айдын Мыстачоглу Бишкектеги ири “Бишкек парк” соода борборунун негиздөөчү. Ал ошондой эле премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган.(BkA)