Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Шаардагы Барпы атындагы драма театрында ар улуттун башын бириктирген "Мен Кыргызстандыкмын" аттуу этнофестиваль өтүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө облустагы бардык башка улуттун диаспораларынын кол өнөрчүлүктөрү менен каада-салттарына байланышкан буюмдар көргөзмөгө коюлуп, келген конокторго сунушталууда.

Ал эми кийинки бөлүгү чоң залда белгиленип, түрдүү улуттун өкүлдөрү катышкан жыйында "Мен Кыргызстандыкмын" аталышындагы ураандын алдында кеңири маек жүрүүдө.

Фестивалдын соңу ар улуттардын катышуусунда сый тамак үстүндө баарлашуу менен аяктайт.

Быйылкы тарых жана маданият жылынын урматына карата бул фестивалды өкмөттүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер агенттиги уюштурууда. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG