Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:55

Министр Медакадемиянын ректорун кызматтан алуу боюнча сунуш киргизди


Медакадемиянын ректору, профессор Ашыралы Зурдинов.

Медакадемиянын ректору, профессор Ашыралы Зурдинов.

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева Кыргыз медициналык академиянын ректору Ашыралы Зурдиновду кызматтан алуу боюнча премьер-министрге сунуш киргизди. Бул тууралуу “Азаттыктын” өздүк булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, сунушта Зурдиновдун окуу жайды башкаруу мөөнөтү аяктаганы жана башкарууда бир катар кемчиликтерди кетиргенине байланыштуу ректорду кызматтан алуу көрсөтүлгөн. Билим берүү министри Зурдиновду кызматтан алуу боюнча буга чейин эки ирет сунуш киргизген. Эми өкмөт башчысы жакынкы аралыкта бул боюнча чечим кабыл алышы керек.

Медициналык академиянын ректору Ашыралы Зурдиновдун айланасында кыйладан бери чыр токтобой келет. Былтыр “Апрель баатырлары” коомдук уюму Медакадемияга окууга мыйзамсыз кабыл алуу фактылары боюнча өлкө президентине кайрылуу жасаган. Бул иш боюнча Башкы прокуратура өкмөткө кайрылып, Медакадемияга талаштуу иштер боюнча чара көрүүгө чакырган. Ошондой эле окуу жайдын жамааты да нааразылык билдирип чыккан эле.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG