Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Идлибде орус аба күчтөрүнүн соккусунан курман болду делгендердин саны арбууда


Идлиб.
Идлиб.

Андай соккудан кеминде 23 киши курман болгону кабарланды. Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча уюм 31-майга караган түнү сокку Сириянын куралдуу оппозициясына урулган. Соккунун бири ооруканага жакын болгон.

Укук коргоо уюмунун башчысы Рами Абдурахман өлгөндөр арасынан жетөө балдар экенин кабарлады. Набыт болгондор саны дагы өсүш мүмкүндүгү белгиленүүдө. Куткаруучулар Идлибде түнү бою иштеп, имарттардын урандысынан аман калгандарды алып чыгышууда. Алардын арасында бир бала куткарылган. Идлиб провинциясы аль-Каида менен байланышкан ан-Нусра фронту орун-очок алган жер катары мүнөздөлөт. (AiT)

XS
SM
MD
LG