Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Адамкул Жунусов ЕАЭБдин министрлигине сунушталды


Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов Евразия экономикалык биримдигинин энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп сунушталды. Мындай маалыматты президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жунусов буга чейин Кыргызстандын атынан министр болуп келген Данил Ибраевдин ордуна сунушталууда. Бул сунуш боюнча чечимди Жогорку Евразия экономикалык комиссиясы чечим кабыл алды.

Адамкул Жунусов быйыл апрель айына чейин Мамлекеттик Бажы кызматынын башчысы болуп эмгектенип келген.

Ал эми Экономика министринин орун басары болгон Данил Ибраев былтыртан тарта ЕАЭБдин министри болуп иштеген.(BkA)

XS
SM
MD
LG