Бул тууралуу облустук калктын репродуктивдик ден соолук борборунун акушер-гинекологу Гүлмайрам Аттокурова билдирди.
Анын айтымында, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында төрөт жыл сайын көп катталууда. "Мисалы, 2012-жылы 146, 2013-жылы 205 жана былтыркы жылы 212 төрөт катталган. Булардын көпчүлүгү жаш кезинен никеге катталгандар",- дейт Аттокурова. Бул жагдай динди катуу карманган үй- бүлөлөрдө көп катталат. Өткөн жумада Жалал-Абад шаарындагы облустук төрөтканада 14 жаштагы кыз төрөгөн учур катталган. Ал Ош облусунан бул жакка туугандарынын үйүнө келип, ушул жакта никесиз көз жарган. Төрөтканадан качып кеткен эне-баланын окуясын учурда шаардык милиция текшерип жатат. (RsK)