Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Ооганстан түндүгүндө буктурмадан автобуска кол салуудан өлгөндөр бар


Кабул-Кундуз канжолу.

Кабул-Кундуз канжолу.

Талиптердин жоочулары жасады деп шектелген чабуулдан кеминде 13 киши өлүп, 30 адам барымтада кармалууда. Ооганстандын бийлик өкүлдөрү Кундуз провинциясына караштуу Алиабад районунда 31-майда эрте менен алты автобус жоочулар тарабынан токтотулганын маалымдады.

Кундуздун губернаторунун маалымат катчысы автобустарда 200 адам баратканын, анын 30 барымтага алынганын билдирди. Жергиликтүү ооган бийликтери муну талиптер жасады деп айтууда. Бирок Талибан ага жоопкерчиликти ала элек.

AFPтын маалыматы боюнча, жоочулар автобустарды токтотуп, жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерүүгө киришкен. Алар жүргүнчүлөр арасынан мамлекеттик кызматкерлерди издешкен. Кундуз провинциясы Ооганстандын түндүгүндөгү эң эле тынчсыз райондордун бири. Өткөн жылы ал кыска мөөнөткө талиптердин колуна өткөн. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG