Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Орусия алардын учагы Идлибге сокку урду деген маалыматты төгүндөдү


Аба соккусу урулган жер. Идлиб, Сирия, 31-май, 2016-жыл

Аба соккусу урулган жер. Идлиб, Сирия, 31-май, 2016-жыл

31-майга оогон түнү Сириянын Идлиб шаарына абадан урулган соккудан кеминде 23 киши өлгөнү кабарланган. Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча уюм сокку Сириянын куралдуу оппозициясына багытталганын маалымдады. Анын бири ооруканага жакын жерге урулган. Укук коргоо уюмунун башчысы Рами Абдурахман өлгөндөр арасынан жетөө балдар экенин кабарлады. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Игорь Конашенков орус аба күчтөрү 31-майда сокку урмак тургай, эч кандай абадан операция жасабаганын билдирди. Ал укук коргоо уюмунун маалыматтарына ишене бербеш керектигин кошумчалаган.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги соккудан 60тан көп жай тургун өлгөнүн, орус жана Сирия бийлигинин “кылмыштары” кечирилгис деп билдирген. Идлиб куралдуу оппозициянын, анын ичинде "Ал-Каида" менен байланышкан "Ан-Нусра" фронту орун-очок алган жер. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG