Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Орусия Путиндин Кытайга бара турганын кабарлады


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров президент Владимир Путиндин Кытайга сапары эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө жаңы дем берерин 31-майда билдирди. Ал Орусиянын тышкы саясатында Кытай менен кызматташууга артыкчылык берилгенин кошумчалады. Лавровдун айтымында, эки өлкө бир уюлдуу дүйнөгө каршы. Муну менен ал Кошмо Штаттардын үстөмдүгүнө каршы экенин туюнтту. Ал ошондой эле Москва жана Бээжин эл аралык иштерде “кош стандарттуулукка, басым жасоого жана коркутуп-үркүтүүлөргө” каршы экенин белгиледи.

Украина кризисине байланыштуу батыш менен мамилеси бузулган Орусия, Кытай менен байланышын бекемдеп, батыштын санкцияларынын зыянын азайтууну көздөөдө.

Владимир Путин Кытайга июнь айында барары күтүлүүдө. Анда тараптар энергетика жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүүнү сүйлөшөт. (AiT)

XS
SM
MD
LG