Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Талиптер отуздан ашык кишини барымтага алды


Талиптер бул чабуул күч органдарына каршы багытталганын билдиришти.

Талиптер бул чабуул күч органдарына каршы багытталганын билдиришти.

“Азаттыктын” ооган кызматынын маалыматы боюнча, 31-майда Кундуз провинциясындагы Алиабад районунда талиптер төрт автобусту токтотушуп, ичиндеги 185 жүргүнчүнү барымтага алып, ошол эле жерден 13 кишини өлтүрүп салышкан.

Жергиликтүү тургундар болсо барымтага алынгандардын ичинен 18 киши өлтүрүлгөнүн айтышууда.

Талиптер бул чабуул күч органдарына каршы багытталганын билдиришти. Жоочулар жолдон унааларды токтотуп, алардын ичинен ооган өкмөтүнүн, күч структураларынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн издегени көп болгону менен, акыркы мезгилде бул көрүнүш көбөйдү.

Кундуз провинциясы кагылышуулар көп болгон регион. Өткөн жылы ал кыска мөөнөткө талиптердин көзөмөлүнө өткөн. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG