Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Тышкы иштер министрлиги түрк элчилигине нота жолдоду


Нота Кыргызстандагы Түркиянын элчилигине катталган автоунаанын жол эрежесин бузганына байланыштуу берилгенин Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Анда элчилик кызматкерлерине жол эрежесин бузбоо, Кыргызстандын мыйзамдарын сактоо талабы коюлган. Буга чейин интернетте дипломатиялык номерлүү автоунаанын жол эрежесин одоно бузганы тууралуу маалымат тараган. Тышкы иштер министрлиги мындай учурларды байкап калган убакта кабарлап коюуга коомчулукту чакырууда. (NT)

XS
SM
MD
LG