Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

АКШ: Европада террордук чабуулдар болушу ыктымал


АКШнын мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, быйыл жайында Франциядагы футбол боюнча Европа чемпиондугу учурунда террордук коркунучтар күтүлүп жатат. 10-июнда Парижде башталып, бир айга созула турган мелдештер 2 миллионго чукул адамды өзүнө тартары айтылууда.

«Биз жарандарга Европада террордук чабуул болушу мүмкүндүгүн эскертебиз. Террорчулар эл көп топтолгон жерлерди, ресторан, бизнес-борборлору менен коомдук транспортторду бутага алышы ыктымал», - деп айтылат мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө.

Эскертүү августтун этегине чейин берилген. Документте футбол күйөрмандары көп чогулган Еврокубоктун стадиондору, оюндарды трансляция кылган аймактар жана башка жерлерге чабуул жасалышы мүмкүндүгү эскертилген.

АКШнын мамлекеттик департаменти бул өңдүү эскертүүлөрдү байма-бай жарыялап турат. Акыркы ирет быйыл 22-мартта Брюсселдеги кош жардыруулардан кийин берген, анын мөөнөтү июнда аяктады. (NT)

XS
SM
MD
LG