Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Cүлүктүдө өзүнө өрт койгон адамдын өлүмү териштирилүүдө


Сүлүктүдө аялы менен уруштан өзүнө бензин куюп, өрт койгон жарандын өлүмү боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык. Окуя 23-майда болгон. Анда 56 жаштагы адам аялы менен чатактан соң өзүнө бензин куюп, андан соң өрт койгон. Денесинен көп бөлүгү күйгөн адам ооруканага жеткирилип, бирок каза болгон.

Бул окуя боюнча учурда жергиликтүү милиция кызматкерлери иш алпарууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG