Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Унааларга жаңы үлгүдөгү номур бериле баштады


Мамкаттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев жаңы номурларды көрсөтүүдө.

Мамкаттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев жаңы номурларды көрсөтүүдө.

Бүгүнтөн тарта Кыргызстандагы унааларга жаңы үлгүдөгү номурлар бериле баштады. Бул боюнча иш-чара Бишкектеги мамлекеттик каттоо кызматында өттү. Жаңы үлгүдөгү номурларды Мамкаттоонун алдындагы “Инфоком” ишканасы даярдоодо. Номурда атайын коргоо белгилери күчөтүлдү. Ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылып, үч тамга, үч сандан турат. Ар бир аймактын белгиси тамга менен эмес, 01ден 09 чейинки сан менен көрсөтүлөт.

Номурдун баасы салыктарды кошкондо 950 сом деп бааланууда.

Өлкөдөгү автоунаалардан жаңы үлгүдөгү номур берүү чечимин өкмөт былтыр декабрь айында кабыл алган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG