Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Румын президенти Владимир Путиндин сөзүнө жооп кайтарды


Румыния.
Румыния.

Румыния президенти Клаус Йоханнис орус лидери Владимир Путиндин Бухаресттин дарегине карата айткандарын "негизсиз опузалоо" катары баалады. Ал Путиндин пикири Румыниянын коопсуздукту бекемдөөдө туура багытта бара жаткандыгын көрсөтөт деп билдирди.

Буга чейин Путин Румыния президенти Йоханнисти румын аймагында АКШ жана НАТОнун ракетага каршы коргонуу элементтерин жайгаштыргандыгы үчүн сынга алган.

Клаус Йоханнис АКШ жана НАТОнун ракетага каршы системалары Орусия менен байланышта эместигин, ал эми Москва өз позициясы менен Румынияны коркута албай турганын айтты.

Өткөн жума күнү румын басылмалары Путин өтө эле “аша чаап” кеткендигин жазып чыгышкан. Москва Польша жана Румынияда орун алган ракетага каршы коргонуу объектилери Орусия үчүн кооптуу деп эсептейт. НАТО бул система коргонуу аракетин көздөй турганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG