Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:50

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованы УКМКга чакырышты


Төлөйкан Исмаилова укук коргоочулар менен.

Төлөйкан Исмаилова укук коргоочулар менен.

Бул тууралуу укук коргоочу өзү “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсү телефон чалып, коопсуздук органынын кеңсесине келүүнү суранган. Укук коргоочу расмий түрдө чакыруу келбегенин билдирип, баруудан баш тарткан.

“Расмий орган катары алар чакыруу жибериши керек болчу. Ошондуктан, расмий түрдө мыйзамдын негизинде чакыруу жиберишин талап кылдым”, - деп билдирди Исмаилова.

Укук коргоочу чакырууну өзүнүн ишмердигине байланыштырууда. Исмаилова президент Алмазбек Атамбаевдин укук коргоочуларды күнөөлөгөн билдирүүсүнөн соң УКМК, Мамлекеттик салык кызматына кайрылуу жөнөткөнүн кошумчалады. Анда “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун президент айткандай мыйзам бузганын ырастоону суранган.

Укук коргоочу ушул кайрылууга байланыштуу УКМКга чакырышы мүмкүн деп болжолдоодо.

Президент Алмазбек Атамбаев энелер күнүнө карата уюшулган аземде укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдырасулованы сынга алган. Буга байланыштуу укук коргоочулар президенттин үстүнөн сотко кайрылган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG