Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Милицияга кол салган кылмыштуу топ мүчөсү кармалды


Милиция кызматкерине кол салып качып кеткен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын апрель айында борбордогу көчөлөрдүн биринде милиция кызматкерлери шек туудурган автоунааны токтотушкан. Бирок аталган унаанын айдоочусу милиция кызматкерин сүзүп, изин жашырууга үлгүргөн.

Бул окуя боюнча иликтөө-издөө башталып, аталган автоунаанын айдоочу 33 жаштагы Чүй облусунун тургуну экени аныкталган. Ал ошондой эле Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экени да белгилүү болгон. 30-майда аталган жаран кармалып, камакка алынды.(BkA)

XS
SM
MD
LG