Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

ЕАЭБ: Атамбаев менен Лукашенконун сыны


31-майда Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын президенттери Астанага чогулду.
31-майда Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын президенттери Астанага чогулду.

31-майда Астанада Евразия экономикалык биримдигине кирген Орусия, Армения, Беларус, Кыргызстан жана Казакстандын президенттери жалпы көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн жолугушту.

Азырынча кыргызстандыктардын аймактык биримдикке киргенге чейинки үмүтү орундала элек.

Евразия экономикалык биримдигине кирген беш мамлекеттин башчылары Астанада чогулуп, биримдиктин алкагында мунай продукталарын жана дары-дармек өндүрүп сатуудагы шайкештиктерди талкуулашты. Казак жана орус президенттеринен айырмаланып, Беларустун лидери Александр Лукашенко экономикалык биримдиктеги көп долбоорлор кагаз бетинде калып келатканын сынга алды. Анын пикиринде, алгач “Бажы биримдиги”, кийин “Бирдиктүү экономикалык аймак” эми “Евразия экономикалык биримдиги” болуп уюмдун аты улам өзгөргөн менен алдыга жылуу болгон жок:

- Бүгүн биз мунай, газ боюнча планды талкууладык. Дары-дармектер жана медициналык каражаттар үчүн бирдиктүү рынокту түзүү жолун карадык. Бирок бул дагы сөз бойдон калды. Эгерде биз дүйнөлүк экономикалык системада өз ордубузду табабыз десек, анда ич ара адилеттүү мамилени калыптандыруу аркылуу биримдикти күчтөндүрүшүбүз керек. Мына ошондо биримдиктин ички жана тышкы саясатында ийгилик болот. Азырынча Евразия экономикалык биримдигине киргенден бери биздин бир да үмүтүбүз актала элек.

Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Буга улай кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев аймактык биримдиктин күн тартибиндеги маселелерди четке коюп, Кыргызстанды кыйнап жаткан тоскоолдуктар тууралуу орус жана казак президенттерине кулак кагыш кылды:

- Мен экономикалык биримдиктин курамындагы мамлекет башчыларды уюмдун түпкү максатына доо кетире турган чараларга баруудан баш тартууга чакырар элем. Бул тууралуу мен мамлекет башчылар менен жеке жолугушууда да айттым. Кыргызстандык дыйкандар өндүргөн картошканын Казакстанга киргизилбей койгону, кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык постторду жоюу зарылчылыгы, Кыргызстандан чыккан товарлардын Орусияда эркин жүгүрүүсү үчүн алынып жаткан транзиттик алымдарды жоюу керектигин айттым. Казакстан жана Орусия президенттери ал маселелерди тез арада чечүүнү убада кылышты.

Астанага барган кыргыз делегациясы
Астанага барган кыргыз делегациясы

Мурда убада кылынган 160 миллиондук ири рыноктун үзүрүн азырынча кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр көрө элек. Тескерисинче, сүт жана эт азыктарын чыгарган ишкерлер менен дыйкандар Кыргызстан уюмга мүчө болгондон бери экспорт көйгөйү күчөгөнүн айтып келишет.

Маселен, жакында эле Казакстан Кыргызстандын картошкасын илдети бар деген жүйө менен чек арадан өткөрбөй койгон.

Кыргызстандык ун өндүрүүчүлөр болсо акыркы учурда чыгымга учурап жатканын айтып келишет. Себеби казак унунун баасы арзан жана сапаты жогору болууда.

Казакстан менен Кытай чек арасындагы жалпы аянты 528 гектар болгон "Хоргос" базары Кыргызстанда жайгашкан “Дордойдун” ордун алмаштыра баштаганы да кыргызстандык ишкерлерди бушайманга салып келет.

Курамына Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия кирген Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан былтыр жайында кошулган.

XS
SM
MD
LG