Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

Түркия Орусия менен алакасын оңдоого ниеттенет


Түрк президенти Эрдоган менен орус президенти Путин

Түрк президенти Эрдоган менен орус президенти Путин

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусия менен алакаларды жөнгө салууну кааларын айтып, бирок Москва Анкарадан кандай алгачкы кадамды күтүп жатканын түшүнбөй турганын белгиледи.

31-майда журналисттердин алдында сүйлөгөн Эрдоган Орусия «учкучтун катасынан» кийин Түркия менен мамилелерден баш тартканын билдирди.

«Бизден кандай конкреттүү кадамды күтүп жатышканын түшүнбөй турам. Чындап эле муну аңдоо мен үчүн кыйын болуп жатат. Түркия соттогу айыпталуучулардын ордунда отурган жок да. Орусия менен алакалардын бузулушун каалабайбыз» деди түрк мамлекет башчысы.

Анын алдында президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки тараптуу мамилелердин жакшырышы үчүн Түркия биринчи болуп кадам жасоого тийиш деп билдирген.

Анкара былтыр ноябрда болгон окуя үчүн кечирим суроодон баш тартып, орусиялык согуштук учак чек араны бузуп, Түркиянын аба мейкиндигине кирип кеткенде атып түшүрүлгөнүн ырастоодо. Москва бул айыптоолорду четке кагууда. Орусия ошондон кийин Түркияга каршы санкция киргизип, эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелери, маданий жана башка кызматташуусу кескин начарлап кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG