Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Исаков: Казакстан Кыргызстандын картошкасына салган чектөөсүн жоёт


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өз өлкөсүнүн тиешелүү органдарына Кыргызстандан ташылган картошкага чектөөнү алып салууну тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков бүгүнкү брифингде билдирди. Анын айтымында, Астанада өткөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн саммитинда кыргыз президенти картошка көйгөйүн көтөргөн. Бул маселе боюнча казак президенти Назарбаев тиешелүү органдарга чечүүнү тапшырган.

4-майда Казакстан Кыргызстандын келчү картошканын илдети бардыгын ырастап, аны өз аймагына киргизүүдөн баш тарткан. Казак базарына жашылчаны ташып баруу боюнча Астана менен сүйлөшүүлөрдүн башталганына деле кыйла убакыт болду. Расмий маалыматтар боюнча, жыл башынан бери Казакстанга 2 миң тоннага жакын картошка экспорттолгон, анын 113 тоннасы кайтарылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG