Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

НRW Украинага чакырык жөнөттү


Украина, Крымды каратып алган Орусиянын маалымат фестивалы.
Украина, Крымды каратып алган Орусиянын маалымат фестивалы.

Human Right Watch уюму Украинага орус журналисттерине карата санкцияларды жокко чыгарууга чакырды. Бул тууралуу уюм тараткан билдирүүдө айтылат. Анда Украинанын орус пропагандасынан чочулоосу негиздүү экени, бирок сөз эркиндигин чектөө жаңылыш чечим экени белгиленет.

27-майда Украинанын президенти Петро Порошенко Орусиядагы маалымат каражаттарынын 17 жетекчисине өлкө аймагына кирүүгө тыюу салган жарлыкка кол койгон. Бул тизмеде Орусиянын Биринчи каналынын башкы директору Константин Эрнст, Russia Today каналынын башкы редактору Маргарита Симонян, ТАСС маалымат агенттигинин жетекчиси Сергей Михайлов, “Правда.ру” холдингдин кожоюну Вадим Горшенин сыяктуу жетекчилер бар. Аларга 2017-жылдын аягына чейин Украинага кирүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG