Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

«Центерра голд» эл аралык арбитраждык сотко кайрыла турганын өкмөткө кабарлады


Кумтөр
Кумтөр

Кыргыз өкмөтүнүн дарегине «Центерранын» укуктук кеңешчиси, Sullivan & Cromwell LLP юридикалык компаниясынан 31-майда кат келди. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, анда канадалык компания Кумтөр кени боюнча талаш-тартышты эл аралык арбитраж аркылуу чечүүнү көздөп жатканын кабарлаган. Ошондой эле Кыргызстан менен кен иштетүү боюнча пикир келишпестиктерге чекит коюлбай жатканы айтылган.

Өкмөт болсо айлана-чөйрөнү коргоо дүйнөдөгү ар бир мамлекет үчүн маанилүү экенин айтып, туруктуу өнүгүү жаратылышты сактоо шартында гана камсыздалат деген жооп кайтарды. Мындан тышкары “Кумтөр” кенин иштетүүдөн экологияга олуттуу зыян келтирилгенин сот аныктаганын жана бул багытта иликтөө уланып жатканын эске салды. Маселеге укуктук баа берүү иликтөөлөр толук жыйынтыкталган соң гана болушу мүмкүндүгүн белгилеп, канадалык компания менен талаштуу маселелерди сүйлөшүүгө даярдыгын билдирди.

25-майда Бишкектин райондор аралык соту Кумтөр кенин иштетүүдө экологиялык эрежелер сакталбаган деп таап, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын доосун канааттандырган. Аталган компанияны 6,7 миллиард сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Центерра голд” компаниясы бул чечимге макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна, андан кийин Жогорку Сотко доо арыз жолдой турганын жарыялады. Эгер Кыргызстанда сот адилет чечим кабыл албаса, эл аралык Гаага сотуна кайрыларын буга чейин маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG