Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Саргсян Германияны армян кыргыны боюнча документти кабыл алууга чакырды


Армениянын президенти Серж Саргсян Германия Бундестагын түрк бийлигинин нааразылыгына карабай Осмон империясы маалындагы армян кыргынына байланыштуу резолюцияны кабыл алууга чакырды. Аталган резолюцияда Осмон империясынын армяндарга геноциди катары таанымак.

“Армяндардын геноцидин башка өлкөнүн жетекчиси таарынат деп геноцид деп тааныбоо адилеттикке жатпайт”, - деп билдирди Саргсян Bild гезитине маегинде.

Буга чейин түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган документ кабыл алынса, эки өлкө ортосундагы алакага кесепети тийерин эскерткен. Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым резолюциянын текстин “күлкү келтирген” жана “абсурд" деп атаган.

Түркия 915-жылкы окуяны геноцид деп санабай турганын айтып, ал жаңжалда эки тарап тең курмандыкка айланганын кайталап келет.

Немис Бундестагында бул боюнча добуш берүү эртеңкиге коюлган.

XS
SM
MD
LG