Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Европа аскердик чыгымын көбөйттү


Германия куралдуу күчтөрүнүн NH тик учактары. Берлин, 25-май, 2016-жыл.
Германия куралдуу күчтөрүнүн NH тик учактары. Берлин, 25-май, 2016-жыл.

НАТОнун европалык мүчөлөрүнүн коргонуу үчүн чыгымдары акыркы он жылдыкта алгач ирет көбөйүүдө. Бул маалымат НАТОнун келерки айдагы маанилүү саммитин утурлай белгилүү болду.

НАТОго мүчө европалык өлкөлөрдүн коргонуу чыгымдары акыркы он жылда биринчи ирет көбөйүп жатканын уюмдун башкатчысы Йенс Столтенберг британиялык Financial Times гезитинде жарыяланган маегинде белгиледи.

- Союздаш өлкөлөрдөн алынган маалыматтарга негизделген эсептер 2016-жылы европалык өнөктөштөрдүн коргонуу чыгымдары көптөгөн жылдардан бери биринчи ирет көбөйөрүн ишара кылууда. Биз белгисиздикке, көбүрөөк коркунучтарга туш келип турабыз ,- деген Столтенберг өз интервьюсунда.

Financial Times гезитиндеги маалыматка караганда, НАТОнун европалык мүчөлөрү баары бириккенде коргонуу жаатына былтыр 253 миллиард доллар короткон болчу. Ал эми жалгыз АКШнын өзүнүн коргонуу чыгымдары былтыр 618 миллиард долларды түзгөн.

Орточо эсеп менен караганда, НАТОнун европалык мүчөлөрүнүн аскерий сарптоолору Улуттук дүң өндүрүштүн 1,43% үлүшүнө туура келет.

Бул көрсөткүчтү жалпы алганда 2% жеткирүү - дагы 100 миллиард долларды кошумча сарптоо керек дегенди туюндурат. Быйыл аскерий чыгымдарын көбөйтөрүн Британия да жарыялаган.

Эстониянын аскерлери машыгуу учурунда. 12-сентябрь, 2015-жыл.
Эстониянын аскерлери машыгуу учурунда. 12-сентябрь, 2015-жыл.

Балтика өлкөлөрүнөн Латвия мисалы быйыл коргонуу бюджетин 60%, Литва 35%, ал эми Эстония менен Польша 9% көтөрүүдө.

Польшанын тышкы иштер министри Витольд Васиковски жакында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде алар тараптан коргонуу чаралары күчөтүлүшүн Орусиянын аракеттерине байланыштырган:

- Орусия экономикасынын төмөндөөсүнө карабай биз алардан милитаризацияны көрүп жатабыз. Биз ошондой эле аскерий машыгуулардын саны да көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Андыктан биздин чечимдерибиз Орусиянын милитаризациялануусуна, анын империялык амбициялары күчөгөнүнө байланыштуу. Мен Орусия жакында куралсызданат деп ойлобойм жана мындан улам биз коргонуу саясатыбыз, ыктымал тобокелчиликтерди алдын алуу, НАТОнун бүткүл аймагында коопсуздуктун бирдей макамын камсыздоо жөнүндө ойлонушубуз керек.

НАТО Орусия туудурган коркунучтардан улам деп өзүнүн чыгыш флангын бекемдөөнү караштырып, бул багытта айрым чараларды көрүүдө.

Башкатчы Йенс Столтенберг билдиргендей, чыгыш флангда кошумча канча аскер жана алар кайда жайгаштырылары Түндүк-атлантикалык альянстын алдыдагы саммитинде аныкталат:

- НАТО биздин чыгыш бөлүгүбүздөгү күчтөрдү көбөйтүүнү чечкен. Бул кеңейүү көп улуттуу (аскерлер) ротациялык негизде болот. Биз эң акыркы чечимдерди, сандарды, кошумча күчтөр конкреттүү кайсыл жерлерде жайгаштырыла турганын азырынча аныктай элекпиз. Мамлекет жана өкмөт башчылары муну алдыдагы саммитте чечет. Ушу тапта аскерий пландоочуларыбыздан, стратегиялык командирлерден алган сунуштарды карап жатабыз. Алар бир нече батальонду Балтика өлкөлөрүндө, Польшада жайгаштырууну сунушташты, - деди НАТО башкатчысы Йенс Столтенберг 31-май күнү Варшавадан.

НАТОнун саммити да 8-9 июлда Варшавада өтөт. Орусия болсо аскерий чараларын, машыгууларды көбөйтүп, анын чек араларына жакындаганы үчүн тескерисинче НАТОну айыптап келе жатат.

Орус тышкы иштер министринин орун басары Алексей Мешков Европанын коргонуу чыгымдары көбөйгөнү жөнүндөгү жаңылыкты комментарийлеп жатып да, Москва жооп чара көрөрүн белгиледи.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG