Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Сириялык күрттөр согушкерлердин маанилүү позицияларын ээлешти


Сириядагы күрт согушкерлери.
Сириядагы күрт согушкерлери.

Сириялык күрттөр Түркия менен чек арадагы “Ислам мамлекети” тобу басып алган Манбиж шаарына жакындап калышканын жарыялады. Маалыматка караганда, алар согушкерлердин бир катар маанилүү позицияларын ээлеп, азыр Манбижден он километр алыс аймакта турушат. Бул шаар согушкерлердин штабы жайгашкан Ракка калаасына баруу үчүн маанилүү пункт болуп саналат.

Мындан тышкары Манбиж менен анын чеке-бели ИМ көзөмөлдөгөн акыркы чек ара аймагы. Буга байланыштуу аны жоготуу террорчуларга чоң сокку болору болжолдонуп жатат. Күрттөрдүн аталган шаарга чабуулун абадан америкалык авиация колдоого алган. Манбижде 80 миңдей эл жашайт.

Майдын этегинде Фаллужа шаарын бошотуудан башталган операцияга сириялык күрттөрдөн тышкары оппозиция да катышууда. Жалпысынан 30 миңге чукул адам тартылган.

Сирияда куралдуу жаңжал 2011-жылдан бери уланып келет. Ал кезде президент Башар Асаддын бийлигине карата жапырт каршылык акциялары жарандык согушка айланып, экстремисттик топтордун баш көтөрүүсү менен коштолду. БУУнун маалыматы боюнча беш жыл ичинде каза тапкандардын саны 200 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG