Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Орусия: төрт крымдык татар соттолууда


Украина, Крым.
Украина, Крым.

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында террорчулук боюнча айыпталган төрт крымдык татардын соту 1-июнда уланды. Алар өздөрүнө коюлган айыпты четке кагып, далил жоктугун билдиришти. Руслан Зейтуллаев, Юрий Примов, Рустем Ваитов жана Ферат Сайфуллаевге Севастополдо террордук уюм түзүүнү көздөгөн деген айып тагылган.

2014-жылдын мартында Крым жарым аралын аннексиялап алгандан бери Орусия жергиликтүү элге кысым көрсөтүп жатат деп эл аралык укук коргоо уюмдары менен батыш мамлекеттеринин кескин сынына кабылып келатат. Крым татарларын камакка алуулар, алардын дайынсыз жоголуп же өлтүрүлгөн учурлары кездешет деген маалыматтар айтылууда.

24-майда жергиликтүү активист Эрвин Ибрагимов дайынсыз жоголгон. Ал дале табыла элек.

XS
SM
MD
LG