Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Бүгүн Орусиянын Башкыртстан республикасынын борбору Уфа шаарында кыргыз-орус биргелешкен жыйыны болот. Бешинчи жолу уюштурулуп жаткан иш-чара “Евразиялык интеграциянын алкагында аймактардын алакасын өнүктүрүү” деп аталат.

Кыргызстандын делегациясын вице-премьер-министр Олег Панкратов жетектейт. Топтун курамына Жогорку Кеңеш депутаттары, министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана ишкерлер кирген.

Жыйында Кыргызстандын облустары менен Орусиянын аймактарынын ортосундагы экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык талкууланат.

Негизинен бул ирет кыргыз-башкыр ишкерлеринин түз байланышына, Кыргызстандын айыл чарба азыктарын Орусияга үзгүлтүксүз өткөрүү маселесине көңүл бөлүнөрүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG