Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:54

Бишкекте кытай товарларынын жармаңкеси өтүүдө


Оштогу кытай фабрикасы.

Оштогу кытай фабрикасы.

1-июнда башталган жармаңке 3-июнда аяктайт. Аны Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун, Кашкар округунун өкмөттөрү жана Кыргызстандын Экономика министрлиги уюштурган. Иш-чаранын максаты эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган. Анын алкагында кечээ кыргыз-кытай бизнес-форуму өттү. Анда кытай тарапка быйылкы кендер боюнча аукциондорго катышуу, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, токтоп турган ишканалардын базасында эркин экономикалык аймактарды жана биргелешкен ишканаларды түзүү сунушталды.

Бүгүн Токмок шаардык мэриясында Чүй облусунун жана кытайлык ишкерлердин бизнес-форуму болот. 5-июнда Нарында да ушундай эле иш-чара уюштурулат. 3-4-июнда кытай делегациясы Ысык-Көл облусуна барат. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG