Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

Сот “Кумтөр” боюнча Экотехинспекциянын доосун толук канааттандырды


"Кумтөр" алтыны.

"Кумтөр" алтыны.

Бишкектин район аралык соту 1-июнда "Кумтөр" кенине байланыштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын пайдасына өкүм чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин өнөр жай коопсуздугу жана тоо кендерин көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Максат Абдылдаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сот кенди иштетүүдө “жер катмары бузулган” деп таап, бул үчүн 161 миллион сомдон ашык, “суу үчүн акы төлөгөн эмес” деген доо боюнча 188 миллион сом төлөп берүүгө канадалык компанияны милдеттендирди.

Экотехинспекция “кен казууда калдыктар муздун үстүнө ташталган”, “жер катмары бузулган”, “эсепке алынбаган уу заттар калдык сактоочу жайларга төгүлгөн” жана “суу үчүн акы төлөнгөн эмес” деген төрт доо менен сотко кайрылган. Мындан айлана-чөйрөгө келтирген чыгым үчүн 7 миллиард сом талап кылган. Бул боюнча териштирүү 23-майда башталып, арыздардын бири боюнча “Кумтөр оперейтинг компани” 663 миң сом айыпка жыгылган эле. Андан кийин экологиялык эрежелер сакталбаганы боюнча 6,7 миллиард сом төлөп бериши керек деген чечим кабыл алынган.

“Центерра Голд” компаниясы бул чечимге макул болбой Бишкек шаардык сотуна, андан кийин Жогорку Сотко доо арыз жолдой турганын айткан. Компания кечээ эл аралык арбитраждык сотко кайрылууну көздөп жатканын өкмөткө расмий кабарлады. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG