Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

КМШнын Бишкектеги жыйынында жети келишимге кол коюлат


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Өкмөт башчылардын 7-июндагы жыйыны премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өтөт. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, ага Беларус, Казакстан, Тажикстан, Молдова, Орусиянын премьер-министрлери катышат. Ошондой эле Азербайжан, Армениянын өкмөт башчыларынын орун басарлары келет. Өзбек, түркмөн премьерлеринин орун басарлары да келиши мүмкүн. Кыргызстандагы Украина элчиси да чакырылган.

Жыйында электроэнергетика объекттериндеги авариялар тууралуу маалымат алмашуу, электроэнергетика боюнча билим берүү тармагындагы кызматташтык, радиоактивдүү булактарды жайгаштыруу маселелери талкууланып, бул багытта жети келишимге кол коюлат. Анын ичинде агробиотүрдүүлүктүү сактоо боюнча конвенция, 2011-жылдын 18-октябрындагы эркин соода жүгүртүү аймагы тууралуу келишимге ылайык мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу эрежелери жана тартиптери тууралуу протокол бар. (NT)

XS
SM
MD
LG