Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:11

Текебаев: акыл үйрөткөндөр өздөрү үлгү болсун


Тойго даярдык
Тойго даярдык

Парламент 1-июнда той-аштарга кеткен ашкере ысырапкорчулукту жоюу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда четке какты.

Ага 70 депутат каршы, 42си гана макул деген добуш берди. Документте мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар арасында үйлөнүү тойлорун, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана аза күтүү каада-жөрөлгөлөрүн өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулукту жоюунун жолдору жазылган.

Кыргызстанда бир катар аткаминерлердин дүңгүрөтө той өткөрүп, ашыкча чыгым короткону буга чейин коомчулуктун сынына кабылган. Ага чек коюу тууралуу мыйзам эмнеге жактырылган жок?

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев бул документ жана мамлекеттик кызматкерлердин чыгымдарын азайтуу маселеси боюнча "Азаттыккка" маек курду.

"Азаттык": Той-аштарга кеткен ашкере ысырапкорчулукту жоюу тууралуу мыйзам долбоорун​ көпчүлүк депутаттар эмнеге колдобой койду?

Өмүрбек Текебаев: Биз эски көз караш, эски адат-салтыбыздын туткуну болуп келатабыз. Коомдо элита делген лидерлердин, төбөсү көрүнгөн адамдардын үлгүсү канчалык таасирдүү фактор экенин эске алынбай келет.

Кыргызда "улуу көч кайда баштаса, кийинки көч да ошонун жолун улайт" деген сөз бар. Бизде мамлекеттик чоң кызматтагы адамдар сөзү бир, бирок иши башка болуп жатат. Өздөрү салык төлөгүлө дейт, бирок тапкан кирешесин көрсөтпөйт. Жалгыз эле айлыкка жашайм дейт, бирок кабат-кабат үйлөрдү курат. Дүркүрөгөн тойлорду берет. Ошону эл көрүп турат. Анан карапайым адамдар да "эмнеге мен салык төлөшүм керек, мен да жашырам" дейт да. Ошондуктан элге акыл үйрөтүп, жетектей турган адамдар биринчи кезекте өздөрү үлгү болушу керек.

Мына "мынча киреше таптым, мынча салык төлөдүм, минтип үй-бүлөмдү багып атам" деп, машине алабы, той береби, чет элге барабы - баарын ачык көрсөтүшү керек. Эгерде декларацияда көргөзүлбөгөн, салык төлөнбөгөн чыгым болсо муну коррупциялык элемент катары карашыбыз керек. Ашыкча чыгым кылганы аныкталган кызматкерлер жумушунан кетиши зарыл. Коррупцияга каршы күрөштүн бирден-бир жолу ушул. Ууруну уурдап жаткан жеринен кармаш кыйын болууда. Бирок алар алганын үйгө, машинеге, тойго айлантып жатат да. Ошону пайдаланган жеринен, банкка эсебин салган жерден кармаш керек.

Депутаттар да эски түшүнүктөн чыга албай жатышат. Алардын арасында албетте байлар да бар. Айрымдарынын расмий байлыгынан чыныгы байлыгы он эсе көп. Бул мыйзам бизге залака тийгизет деп корккон болуш керек.

"Азаттык":​ Кийинки кадамдар кандай болот?

Өмүрбек Текебаев: Бул мыйзам элге үлгү боло турган мамлекеттик жетекчилерге, кызматкерлерге тиешелүү. Анткени эл ошолорду туурайт. “Фейсбукта” кол чатырын жардамчысына көтөртүп койгон прокурорду коомчулук жаман көрүп сындагандай эле ар бир жетекчинин ишин, аракетин эл баалап, сындап турушу керек. Андыктан үлгү болуу жолу менен маселени чечишибиз керек. Мыйзам долбоорун кайра сунуштоо зарыл.

Маалымат үчүн: Буга чейин кыргызстандыктар той-аштарга жыл сайын 2 миллиард доллардан ашык акча сарптай турганын иликтөөлөр көрсөткөн.​ Жыл өткөн сайын бул багытта ысырапкорчулук көбөйүп баратканы байкалууда. Ашыкча ысырапкорчулукка бөгөт коюу демилгеси буга чейин да өкмөт менен парламентте көтөрүлүп, бирок натыйжа чыккан эмес.​ Муну тыюу максатында парламенттеги бир нече депутат атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны мамлекеттик кызматкерлерден баштоону сунуштаган.

Өткөн жылы ички иштер министри Мелис Турганбаев, ушул эле министрликтин түштүк башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков уулдарын үйлөп, дүңгүрөтө той беришкенин мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев кыйыр түрдө сынга алганы белгилүү.

Ал эми Бажы кызматынын төрага орун басары Райымбек Матраимов Ошто иштеп турган кезинде кичинекей уулуна той берип, чачылага чачканга өзүнүн аты жазылган таттуу жасаткан, аты-жөнүнүн баш тамгалары жазылган килем төшөткөн деген аңыз кептер азыр деле айтылып жүрөт.

Жогорку Кеңеште мандат үчүн кыйла күрөшүп, акыры ээ болгон депутат Жыргалбек Саматов мурдагы чакырылыштагы депутат кезинде миңден ашуун киши чакырып, той берип, баш байгеге бир нече төө, бир нече автоунаа коюп, көк бөрү уюштурганы да эмгиче элдин оозунда.

XS
SM
MD
LG