Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Кадамжайда алты жаштагы баланы куткаргандар сыйлыкка көрсөтүлөт


Кадамжай.
Кадамжай.

Кадамжайда сел агызып кеткен машинеден алты жаштагы баланы куткарып калган эки адамды мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү сунушталды. Мындай сунуш менен парламент жыйынында Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов айтып чыкты. Депутат кырсыкка кабылган учурда өмүрүн сактап калгандарга мамлекет көңүл бурушу керектигин белгиледи.

27-майдын кечинде Кадамжай-Айдаркен жолунда катуу сел жүрүп, “Опел-Фронтера” автоунаасы оодарылып кеткен. Андагы беш киши, анын ичинде эки жашар наристе набыт болгон. Алты жаштагы Зарипбек Нурлан уулу куткарылып, үч жашар Элдар Жороевдин дайыны билинбей жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG