Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:11

Бул тууралуу өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, мекемелер аралык комиссия 185 адамды тизмеге киргизген. Алар мугалим, дарыгер жана социалдык кызматкерлер. Учурда алардын 25и ипотекалык насыя алды.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев ипотекалык насыя алуучулардын тизмесин тактоодо ачык-айкындык болбой жатканын билдирип, бул жааттагы иштерди сындады.

Өкмөт быйылкы жылдан тарта бюджеттик кызматкерлерди жеткиликтүү турак-жай камсыз кылуу алкагында ипотекалык насыялар берилерин жарыялаган. Аталган насыялар 12-14 пайыздык үстөк пайыз менен 15 жылдык мөөнөткө чейин берилери айтылган. Бирок бул шарттар бюджеттик мекемедегилер үчүн оор болорун айтып, тизмеге киргендердин айрымдары баш тартып жатканы кабарланган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG