Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:45

Кыргызстандын футболчулары ФИФА рейтингинде 11 тепкичке төмөндөдү


Кыргыз-тажик футболчуларынын мелдеши. 8-октябрь, 2015-жыл.

Кыргыз-тажик футболчуларынын мелдеши. 8-октябрь, 2015-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 11 орунга төмөн түштү. Бул тууралуу ФИФА сайтында жарыяланган рейтингде белгилүү болду. Өткөн эки айда кыргызстандык команда 100-орунду ээлеген эле. Бул жолку төмөндөө курама команданын расмий беттештерге катышпаганы менен түшүндүрүлүүдө.

7-июнда Кыргызстандын курама командасы ирандык футболчулар менен беттешери күтүлүүдө.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын ФИФА рейтингинде 100-катардан орун алышы кыргыз футболунун тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч болуп саналган.

Алдыңкы беш мыкты улуттук курама командалардын көч башын Аргентина, Бельгия, Чили, Колумбия жана Германия өлкөлөрү жетектейт.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG