Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Германия парламенти армян кыргынын геноцид деп тааныды


Германия парламентинин армян резолюциясы боюнча жыйыны. 2-июнь, 2016-жыл.

Германия парламентинин армян резолюциясы боюнча жыйыны. 2-июнь, 2016-жыл.

Германия парламентинин төмөнкү палатасы бүгүнкү добуш берүүдө өткөн кылымдын башында армяндардын Осмон империясы тарабынан массалык түрдө кырылышын геноцид катары тааныган символикалык резолюцияны колдоду.

Немис парламенти мындай кадамга Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын резолюция Анкара менен Берлиндин мамилеси бузары жөнүндөгү эскертүүсүнө карабастан барды.

Армения президенти Серж Саркисян болсо, тескерисинче, немис депутаттарын резолюцияны колдоп, Түркиянын эскертүүлөрүнө көңүл бурбоого чакырган.

Талдоочулар резолюциянын дал азыркы учурда кабыл алынышы Түркия менен качкындар жана мигранттар боюнча келишимге барган немис канцлери Ангела Меркелди ыңгайсыз абалга калтырарына көңүл бурушууда.

Документти Бундестагдан өткөрүүгө оппозициядагы Жашылдар партиясы катуу аракеттенип, аларды Меркелдин Христиан-демократтар, коалиция боюнча өнөктөш Социал-демократтар партиясынын бир топ депутаттары да колдоду.

Өткөн кылымдын башында 1,5 миллионго чейинки сандагы армяндын кырылышын буга чейин кеминде 20дай өлкө геноцид катары тааныган.

Түркия болсо мындай аныктамаларга каршы чыгып, армяндар Осмон империясынын эмес, Биринчи Дүйнөлүк согушка байланышкан толкундоолордун курмандыгы болгонун айтып келет. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG