Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Чүмкөнгөндөр кыргыз коомун чочулатты


Ош шаарында өткөн жыйындын катышуучулары. 27-май, 2016-жыл (Сүрөт "Турмуш" сайтыныкы)
Ош шаарында өткөн жыйындын катышуучулары. 27-май, 2016-жыл (Сүрөт "Турмуш" сайтыныкы)

Ошто өткөн иш-чаралардын биринде хижабчан кыздар бетине чейин чүмкөнүп отурганы кызуу талкууланууда.

27-майда Ош шаарында Курманжан датканын элесине арналган “Аялдардын ислам тарыхындагы орду” деген темада конференция өткөн. Иш-чара тууралуу интернетте маалымат тарап, андагы хижабчан, оозуна чейин оронуп отурган катышуучу кыздардын сүрөтү бүгүн социалдык түйүндөрдө тарап кеткен.

Журналист Нарын Айып Facebook баракчасына ошол сүрөттөрдүн көчүрмөсүн коюп, колдонуучулар арасында курч талаш-тартышка жем таштады:

- Таң калдым! Бул кандай, Кыргызстанбы же Кыргызстан эмеспи деп ойлоп кеттим. Азыркы 21-кылымда мындай нерсенин эмне кереги бар? Чүмкөнүп алса эле динге ишенген адам болобу? Хижаб кийбей эле динди барктаган, дин менен жашаган, динди реформалап, алдыга жылдыргандар деле бар да. Нукура маңызын түшүнбөй эле сырткы формасын гана кабыл алып жатышканы жакшы жышаан эмес. Исламбы же ислам эмеспи, динчилби, динчил эмеспи, коом артка багыт алып баратканы жакшы эмес. Бүт адамзат алдыга өнүгүп баратса, биз Салижан Жигитов “кыргыздардын көзү желкесинде” деп айткандай, артты карап отурабыз. Бизде алдыга жылдыра тургандай элита жок болуп жатпайбы.

Ош, Кыргызстан
Ош, Кыргызстан

​Жыйында чүмкөнүп отурган кыздардын сүрөтү азыр интернетте тарап, көпчүлүк “минтип отурсак, келечегибиз коркунучта, ооруканада дакиге оролуп алган адамга окшоп калышкан, кыргыз кызы эч качан бетин жапкан эмес” деген пикирлерди жазышты.

Мусулман аялдардын “Мутакалим” уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы мындай кооптонуу негизсиз экенин айтууда. Хижаб кийгендерге карата коомдо калыптанган терс мамиленин себебин ал түшүндүрүү иштеринин жакшы жүрбөгөнүнөн көрүүдө:

- Кыргызстан калкынын 80% ашууну мусулмандар дейбиз. Бирок 25 жылдан бери эл арасында мусулмандар тууралуу, аялдар эмне себептен хижаб салынары, жашоосу тууралуу бир да телеберүү же башка түшүндүрүү жок. Коркуп жатабыз деген өтө эле ашыкча го. Алар эмне колуна тапанча алып жүрүптүрбү? Бизде диний эркиндик. Ислам дининде ошондой кийинүү керек экен деп өз парзын аткарып жатат. Алардан эмнеге коркушубуз керек? Акылыма сыйбаган нерсе!

Дүйнөлүк аренада да түрдүү жардырууларды чүмкөнгөн кийимчендер жасаганы тууралуу маалыматтын тарашы да коомчулукта коркунуч туудурууда.
Бакыт Жумагулов

Өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн бул суроого өз жообу бар. Ички иштер министрлигинин расмий статистикасына караганда, мамлекет жана коом үчүн кооптуу деген негизде тыюу салынган диний уюмдарга кирген кыз-келиндердин саны жылдан жылга көбөйүүдө.

Он жыл ичинде алардын саны 2ден 25 процентке чейин өстү дейт мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев:

- Экстремисттик уюмдарга берилип кеткендердин 25% аялдар. Жалаң жаштар деп да айтканга болбойт. Негизинен 20-40 жаштагылар. Негизги себеп – диний сабатсыздык. Мамлекетти көзгө илбей, халифат курабыз деген, тыюу салынган “Хизб ут-тахрир” жана башка ушул өңдүү уюмдарга киргендер.

Чүмкөнгөн кыз
Чүмкөнгөн кыз

Ал эми Борбор Азиядагы тынчтык жана өнүгүү институтунун төрагасы, УКМКнын мурдагы Байкоочу кеңешинин диний экстремизм маселелери боюнча эксперти Бакыт Жумагуловдун пикиринде, коомчулукта кооптонуу, кабыл албоо реакциясынын пайда болушуна тышкы күчтөрдүн, башка дин өкүлдөрүнүн таасири менен катар тарыхый жана башка объективдүү себептер бар:

- 6-7-кылымдарда диний үрп-адаттары боюнча түрдүү төрт масхаб болгон. Бизде, Кыргызстанда ханафи-масхабы катуу өнүгүп, өз ордун алып калган. Географиялык жактан айырмаланган өлкөлөрдөн, мисалы, Арабиядан хижабдын, Иран жактан паранжынын келиши коомчулукта кабыл алуу же кабыл албоо деген процесстердин тегерегиндеги маселе. Дүйнөлүк аренада да түрдүү жардырууларды чүмкөнгөн кийимчендер жасаганы тууралуу маалыматтын тарашы да коомчулукта коркунуч туудурууда.

Буга чейин Жалал-Абад шаарындагы иш-чаралардын биринде медреседе окуган кыздар мамлекеттик гимн ырдалып жаткан учурда ордунан турбай койгону коомчулукта резонанс жараткан. Кийин окуу жайдын жетекчиси иштен алынганы кабарланган.

Кыргызстанда расмий маалымат боюнча, 500дөй мечит каттоосуз иштөөдө. Быйыл медресе мугалимдеринин 42% аттестациядан өтпөй калган.

"Арай көз чарай": Чүмкөнгөндөр кайда алып барат? 3-июнь, 2016-жыл

XS
SM
MD
LG