Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Би-Би-Синин Кыргыз кызматына 20 жыл


Би-Би-Синин өкүлдөрү Тамара Уолш (оңдо), Хамид Исмаил жана Гүлнара Касмамбетова КТРКда. Бишкек. 31.10.2006.

Би-Би-Синин өкүлдөрү Тамара Уолш (оңдо), Хамид Исмаил жана Гүлнара Касмамбетова КТРКда. Бишкек. 31.10.2006.

2016-жылдын кулжа (июнь) айынын 3үндө Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын Кыргыз кызматынын жамааты өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык мааракесин белгилөөдө. Бул мааракеге байланыштуу расмий салтанаттар күзүндө өткөрүлмөкчү, бирок Би-Би-Си Кыргыз кызматынын өкүлдөрү эмитеден эле куттуктоолор кабыл алышууда.

“Биз алгач обого, андан кийин ТВга жана интернетке чыккан 20-жылдыгыбызды белгилеп жатып, Би-Би-Сиге мүнөздүү жаңылыктарды, серептерди жана даректүү берүүлөрдү ушунчалык көп адам угуп, көрүп, окуганына кубанып олтурабыз. Би-Би-Си Кыргыз кызматынын сыналгы жаңылыктарын 3 миллион киши көргөнүнөн сырткары, биздин радиобуздун угармандарынын саны, 2010-жылдагыга салыштырмалуу, бештен көп эсеге өсүп, жарым миллионго жетти,” - дейт Би-Би-Синин Борбордук Азия аймагы боюнча редактору Хамид Исмаилов.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери Гүлнара Касмамбетова айым: “Би-Би-Си Кыргыз кызматы соңку 20 жылда коомчулуктун көңүлүн бурган, коомдук саясатта өзгөрүүлөргө алып келген темаларды көтөрүп келди”, - деп баса белгилейт.

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын мурдагы баш кеңсеси болгон "Буш Хауз". Лондон ш. 22.9.2011.

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын мурдагы баш кеңсеси болгон "Буш Хауз". Лондон ш. 22.9.2011.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын сыналгы жана үналгы берүүлөрү, анын ичинде аптанын иш күндөрү кечки саат 22:00де обого чыгарылып жаткан сыналгы жаңылыктары жана бир айда бир чыгуучу даректүү “Би-Би-Си Сапар” сыналгы берүүсү Кыргызстандын Коомдук теле-радио корпорациясы (КТРК) аркылуу өлкөгө кеңири таркатылат.

Аларды Би-Би-Синин bbckyrgyz.com интернет барагында, YouTube видео тасмалар интернет барагында жана Фейсбук менен Твиттерде окуп, угуп, көрүүгө болот.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы Би-Би-Синин учурда Борбордук Азияга берүү уюштурган кызматтарынын ичинен жергиликтүү медиа шериги бар жападан-жалгыз кызмат болуп саналат.

Бул 20 жыл ичинде “Азаттык” үналгысынын жамааты да Би-Би-Си Кыргыз кызматынын жамааты менен ар дайым үзүрдүү үзөңгүлөш болуп келди. Өзгөчө алганда, пост-советтик Кыргызстандагы тарыхый бурулуш учурларда, эки бейрасмий шерик тең өз угармандары менен көрөрмандарына жана интернет кардарларына калыс, бейтарап кабарларды оперативдүү таркатып келишти.

Би-Би-Сиде телчиккен жаңы муундагы бир катар журналисттер Кыргызстандын ар кыл заманбап медиа тармактарында кызмат өтөп жатышат.
(TT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG