Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Кыргыз парламенти Осло борбору менен кызматташат


Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Азаттыкка” маалымдады. Ал 2-июнда Норвегиянын Осло борборунун өкүлдөрү Эйнар Стенсес жана Анна Хусхаген менен Бишкекте жолугушкан.

Анда чет элдиктер депутаттарга семинар өткөрүү боюнча өз кызматтарын сунуштап, парламентаризмди өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Тараптар демократияны, парламентаризмди өнүктүрүү боюнча тыгыз кызматташып, өз ара тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти. (NT)

XS
SM
MD
LG