Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

БУУ Сириядагы катуу салгылашуулар жүрүп жаткан шаарларга гуманитардык жардам жеткирүүдө вертолетторду колдонууга даяр экенин жарыялады. Уюмдун билдирүүсүндө, бул аймактарга башка жолдор менен жардам берүү мүмкүнчүлүгү жок.

Жардам маселеси бүгүн Коопсуздук кеңеште талкууланат. Сириянын көптөгөн шаарларында азык-түлүк, таза суу жана дары-дармек тартыштыгы курч проблемага айланган. Негизинен өкмөттүк күчтөр курчап турган Дарайя шаарындагы абал оор экени айтылууда. Аталган шаарга гуманитардык жүк 2012-жылдан бери ушул жумада биринчи жолу жеткирилди.

Улуттар Уюму коркунучтарга карабай, буга чейин айрым шаарларга учак менен жүк жеткирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG