Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Орусия: отставкадагы полковник террорчулукка чакырган деп айыпталууда


Буга чейин “куралдуу козголоң уюштурууну максат кылган жана террорчулук” үчүн соттолгон Башкы чалгындоо башкармалыгынын отставкадагы полковниги Владимир Квачковго жаңы айып тагылды.

Анын жактоочусу Оксана Михалкина маалымдагандай, бул ирет аны террордук ишмердүүлүккө ачык-айкын чакырык жасаган деп айыпташууда. Тийиштүү кылмыш иши ушул жылдын мартында козголгон.

2013-жылы Квачков жаза мөөнөтүн катаал режимдеги колонияда өтөө менен 13 жылга кесилген. Кийинчерээк Орусиянын Жогорку Cоту бул мөөнөттү сегиз жылга кыскарткан. Былтыр Москва шаардык соту ал жетектеген “Минин менен Пожарскийдин элдик кошууну” аттуу уюмду экстремисттик деп тапкан.

67 жаштагы Орусия Куралдуу күчтөрүнүн отставкадагы полковниги Квачков 2005-жылы "Роснано" компаниясынын жетекчиси Анатолий Чубайстын өмүрүнө кол салуу аракетине байланышкан иш боюнча да шектелип, бирок эки ирет акталып чыккан.

XS
SM
MD
LG