Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Укук коргоочу Исмаилова УКМКга кайрылуу жөнөттү


Төлөйкан Исмаилова.
Төлөйкан Исмаилова.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылуу жолдоду. Анда укук коргоочу аталган органдын тергөөчүсүнүн суракка чакырышынын мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнгөн.

Буга чейин укук коргоочу УКМКнын тергөөчүсү чалып, коопсуздук органынын кеңсесине келүүнү суранганын жана расмий чакыруу келбегени үчүн баруудан баш тартканын айтып чыккан.

Бирок УКМКнын маалымат кызматы Исмаилованы чакырылганы боюнча маалыматты четке каккан.

Буга байланыштуу укук коргоочу коопсуздук комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаевге кайрылып, аны УКМКге чакырган тергөөчү боюнча текшерүү жүргүзүүнү суранды.(BkA)

XS
SM
MD
LG