Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Президенттикке талапкерлерден тил сынагын алып коюу сунушталды


Президент Атамбаевдин эл менен жолугушуулары.
Президент Атамбаевдин эл менен жолугушуулары.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев президенттикке талапкерлер үчүн тил сынагын алып коюуну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жээнчороев “Республика - Ата Журт” фракциясынын жыйынына алып чыкты. Анда “Шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен мамлекеттик тилди билүү боюнча сынакты алып коюу каралган. Демилгечи мындай өзгөртүүнү жарандардын Конституциядагы шайлоо жана шайлануу укугун камсыз кылууга байланыштуу түшүндүрөт.

Бүгүнкү жыйын учурунда көпчүлүк депутаттар мындай сунушка каршылыгын билдиришти.

Шайлоо мыйзамына ылайык, президенттикке талапкер мамлекеттик тилди билүү боюнча сынактан өтүүгө милдеттүү.(BkA)

XS
SM
MD
LG