Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52

Бириккен Улуттар Уюму “Ислам мамлекети” террористтик тобу ишмердүүлүгүнүн жаңы фазасына чыкканын, эми алар өзү көзөмөлдөгөн Сирия менен Ирактан тышкары, башка өлкөлөрдө да теракттарды уюштуруп жатышканын билдирди.

Маалыматка караганда, жарым жылда ИМ шыктандырып, каржылаган теракттардын айынан 11 өлкөдө 500дөн ашуун адам набыт болушту.

2-июнда БУУнун Коопсуздук кеңешинде жарыяланган баяндамада Сирия менен Ирактан сыртка агылган жоочулар көбөйгөнү айтылат.

Ноябрдагы Париждеги жана марттагы Бельгиядагы террордук чабуулдар ИМ ошол жоочулардын колу менен оор теракттарды уюштурууга жөндөмдүү экенин далилдөөдө. Жүздөгөн жоочулар кайра Ливияга чогулуп, ИМ тобунун алкагында дүйнөгө кулач жаюуга аракеттенип жатышканы баяндамада баса айтылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG