Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Ташкентте 23-24-июнда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин утурлай шаарда коопсуздук чаралары кескин күчөтүлдү.

Кечки тогуздан кийин паспорту жана өзбек баш калаасында каттоосу жок жарандарга тартип сакчылары сумдан которгондо 60 доллардай айыппул салууда. Ташкенттик студент “Азаттыктын” өзбек кызматына бир айдан бери шаардыктар паспортсуз эркин жүрө албай калышканын билдирди.

Ташкентте убактылуу жашаган Өзбекстандын айрым облусунун тургундарынын айтымында, паспорту же каттоосу жок атуулдарды 15 суткага камап, же шаардан чыгып кетүүгө да мажбурлап жатышат.

Өзбекстанда дээрлик бир жылдан бери саммитке даярдык көрүлүүдө. Ташкент, Бухара, Самарканд жана Ургенч жогорку окуу жайларында сабактар 20 күнгө кыскартылып, 10-июнга чейин эс алуу жарыяланды. Башкалаанын негизги көчөлөрүндө 28-29-майда унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG